Марал Радиосу

Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» директорлор кеңешинен чыгуу үчүн арыз жазды

Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк директорлор кеңешинен чыгуу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу ал парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында айтты.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу ушундай чечим кабыл алган.

Быйыл 13-майда канадалык «Центерра» компаниясынын акционерлеринин жылдык жыйынында директорлор кеңешине 11 талапкер тандалган. Анын үчөө кыргызстандыктар болчу: Дүйшөн Касенов, Тенгиз Бөлтүрүк жана Нурлан Кыштообаев.

17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр» боюнча кезексиз жыйынга чогулду.