Марал Радиосу

Мамлекеттик ипотекалык компания пайыздык ченди 4%га чейин төмөндөтөт

«Менин үйүм-2021-2026» жаңы турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (ГИК) пайыздык ченди 4%га чейин төмөндөтөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, турак-жайды ижарага алуу менен андан кийин сатып алуу механизмин киргизүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, жакынкы алты жылда мамлекеттик турак-жай фондунан 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушуна 30 миллиард сом бөлүү пландаштырылууда.