Марал Радиосу

Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсепке 85 млн сом чогулду

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусуна жардам берүү үчүн атайын эсепке дээрлик 85 млн сом чогулду.

Сайттагы маалыматка ылайык, төмөндө эсептерге чогулган каражаттардын суммасы:

— Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн атайын эсебине – 77  млн 89 миң 860 сом;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине – 2 млн 34 миң 340 сом;

— Бишкек шаардык мэриясынын эсебине – 5 млн 366 миң 430 сом.