Марал Радиосу

«Келген инвестор элдин ою менен эсептешкендей мыйзам жазылат»

Учурда турмуштук көйгөйлөрдү эске алуу менен Тоо-кен кодекси иштелип чыкканы жатат. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ага тоо-кен казган инвестор менен жергиликтүү элдин ортосундагы мамиле кошулат.

«Мурун инвестор келгенде, мамлекет менен сүйлөшүп туруп эле бир жерге барып казып баштачу. Эми ал мамлекет менен да сүйлөшүп, жергиликтүү эл менен да сүйлөшө тургандай мыйзамдарды кабыл алуу керек болуп жатат. Болбосо, жергиликтүүлөр инвесторду кабыл албай, мүлктөрүн өрттөп, ишине тоскоолдук жараткан учурларды көрүп эле жүрөбүз. Эми инвестор жергиликтүү аксакал, жаштарды чогултуп, «эмне салып берели?», «кандай салык төлөйлү?» деп орток пикирге келип, элдин батасын алып иштесе, иши туруктуу болобу деген ой менен механизмдер киргизилгени турат», — дейт Шыкмаматов.

Exit mobile version