Марал Радиосу

Ассоль Молдокматова Баткенден 138 баланы Ысык-Көлгө эс алдырып келмей болду

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга бармай болушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолуккан. Ал 138 бала менен баарлашып, ар бирине 3 миң сомдон жардам көрсөткөн.

Ошондой эле Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга алып барып келүү боюнча балдардын ата-энелери менен макулдашты. Балдардын 27-майда «Ош» аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө жөнөп кетишери да белгиленди.