Марал Радиосу

Жапаров менен Ашраф Гани телефондон сүйлөштү

Бүгүн, 13-майда Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-ооган эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргыз-ооган өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү жана башка маселелер жөнүндө сөз болду.

Тараптар ошондой эле күн тартибинде турган эл аралык жана аймактык маселелердин актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров менен Мохаммад Ашраф Гани бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, Кыргызстан менен Ооганстан элине бардык жакшылыктарды каалашты.