Марал Радиосу

Акыркы үч айда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 543 млн доллар которулган

2021-жылдын биринчи кварталында (январь-март) Кыргызстанга чет өлкөдөн 543 миллион доллар которулган. Бул туралуу Улуттук банк билдирди.

Анда жеке тараптардын каражат которуу системасы аркылуу келип түшкөн акчасы гана эсептелген.

Эгер бул маалыматты мурдагы жылдардын (2005-жылдан берки) ушул мезгилине салыштыра турган болсок, азыркы статистика рекорддук көрсөткүч болуп калат.

Төмөнкү жылдары январь-март айларында чет өлкөдөн которуулар 400 миллион доллардан ашкан:

Белгилей кетсек, мындан башка жылдары эң жогорку көрсөткүч 2012-жылы катталып, 363,8 миллион долларды түзгөн.