Марал Радиосу

«Кыргызстандын бермети» аталышында спорттун 10 түрү боюнча турнир өтөт

Кыргызстанда «Кыргызстандын бермети» аталышында спорттун 10 түрү боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык баракчаларына жарыялады.

Турнир 5-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында болот.

Мелдеште ушу-саньда, маст-рестлинг, тай бокс, грэпплинг, кикбокс, кармашуу, таэквондо, К-1, армрестлинг, аралаш мушташ камтылган.

Мелдешке 10го чукул мамлекеттен спортчулар келери күтүлүп жатат. Ошондой эле уюштуруучулар 8 жаштан 40 жашка чейинки спортчуларды жигердүү катышып берүүгө чакырык жасап өтүштү.