Марал Радиосу

Кыргызстандыктардын кирешеси 2020-жылы 5,1 пайызга кыскарган

Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 2020-жылы 5,1 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта жазылгандай, кыргызстандыктардын акчалай кирешесинин көлөмү 425 миллион сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга кемиген.

Ал эми жан башына киреше айына 5 миң 600 сом 40 тыйын деп эсептелип, 2019-жылдан 6,9 пайызга аз болгон.