Марал Радиосу

Социалдык фонддун төрагасы кызматтан алынды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 12-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Уланбек Асанов аталган кызматка ушул жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин ушул эле фонддун төрагасынын орун басары кызматын аркалап турган.