Марал Радиосу

Абдышүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнөдөн өттү

Кыргызстан Ислам университетинин ректору, аалым Абдышүкүр ажы Нарматовдун апасы Гүлбүбү Нарматова 94 жашында дүйнөдөн өттү.

Гүлбүбү апа өмүрлөшү, маркум Ислам ата экөө Баткен районунун Кара-Бак (Достук) айылында 14 уул-кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

«Марал» телерадиоберүү компаниясы устатыбыз Абдышүкүр ажы Нарматовго апасынын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Апаңыздын жаткан бери жайлуу болуп, Жараткан кабырын бейиштин бакчаларынан кылсын. Жараткан бул дүйнөдө билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирип, акыретте сегиз бейишинин бирине кирүүсүн насип этсин.