Марал Радиосу

TikTokтон эми жумуш издесеңиз да болот

TikTok тиркемеси колдонуучулары үчүн жумуш издөөгө жардам бере турган видеорезюмесин сынап баштады.

Маалыматта айтылгандай, TikTok’то жумуш табууга жана жумушчуларды издеген компаниялар менен байланышууга жардам берилет, ал эми компаниялар TikTok’ту жалдоо каналы катары колдоно алышат.

Колдонуучулар бул платформадан салттуу резюмени эмес, видеорезюмелерди жайгаштыра алышат. Мында талап кылына турган эреже: жумуш издөөчү же жумуш берүүчү өзү жөнүндө жеткиликтүү, уникалдуу айтып бериши керек.