Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 13-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондоунда, тоолуу аймактарында жаан жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 23…25 градус болот