Марал Радиосу

Жогорку Сот Курманбек Бакиевдин инисинин сот өкүмдөрүн жокко чыгарды

Жогорку Сот Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмдөрүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегенине жана процессуалдык мыйзам бузууларга байланыштуу Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Прокуратуранын бул боюнча берген арызы канааттандырылып, жактоочунун Каныбек Бакиевдин кызыкчылыгын коргоп, аны толугу менен актоо жөнүндө кассациялык даттануусу жактырылган жок.