Марал Радиосу

Ош: Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкектеги бир канча шайлоо участкаларында да шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган эле.

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге  жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн.