Марал Радиосу

«Мөл-Булак» компаниясы чек ара чатагында жабыр тарткан 130 жарандын насыясын кечти

Бүгүн 11-майда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда иш жүргүзгөн банктардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу облустук жетекчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Алимбаев банк жетекчилери менен бирге кыргыз-тажик чек ара чатагында каза болгон, ден соолугунан жабыркаган жана турак жайсыз калган жарандардын, банктан алган насыялары боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кароо маселесин талкуулашты.

Облус башчысынын сунушун дээрлик бардык банктар колдой турганын, банк тарабынан насыяларды кечүү эле эмес, керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

«Мөл-Булак» кичи насыя компаниясы 130 жарандын насыясын кечкенин билдирди. Анын 126сы чек арадагы окуяда ар кандай жараат алгандар болсо, 4ү каза болгон. Ошондой эле каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө 25 миң сомдон, жараат алган 154 жаранга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтышты.

Ошондой эле ФИНКА кичи насыя берүүчү компаниясы чек арадагы айылдардын бирине ФАП куруу чечимин кабыл алгандыктарын билдиришти.

Башка бардык банк жетекчилери, бул боюнча маселелерди карап жатышканын, банк кызматкерлери окуядан жабыр тарткандарга бир күндүк маяналарын которушарын айтты.