Марал Радиосу

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

13-майда Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу облустук штабдын отурумунда маалымдалып, район-шаар башчылары жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык шартка ылайык, 13-май күнү өтүүчү Орозо Айт намазын мечиттерде гана окулуусун көзөмөлдөө керектигин айтты.

Анда аралык, санитардык талаптардын сакталышы жана коомдук коопсуздук каралат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 690 мечит бар, анын 270инде жума намаз окулат.