Марал Радиосу

Аба ырайы: Эртең 12-майда жаан жаайт

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, эртең, 12-майда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: 

Түнкүсүн ..+ 8 … + 13, күндүз + 18 … + 23;

Талас облусунда:

Түнкүсүн .. + 7 … + 12, күндүз + 18 … + 23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында:

Түнкүсүн .. + 10 … + 15, күндүз + 22 … + 27;

Ысык-Көл облусунда:

Түнкүсүн + 5 … + 10, күндүз + 17 … + 22;

Нарын облусунда:

Түнкүсүн ..+ 5 … + 10, күндүз + 17 … + 22;

Бишкекте күндүз жаан жаап, шамал болуп турат. Абанын температурасы, түнкүсүн .. +10 … + 12, күндүз +21 … + 23. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Exit mobile version