Марал Радиосу

Максат айылына үй салуу иштери бүгүн башталат

Бүгүн, 11-майда Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарындагы чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдү кайра куруу иштери башталат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев Максат айылына иш сапар менен барды. Анда ал жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарыларын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды.

Буга чейин чек ара чатагында орун алган окуяларга байланыштуу түзүлгөн облустук комиссия иштеп, жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен бирге маселелер талкууланды.

Эске салсак, чек ара чатагында Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үй тигилген. Электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.