Марал Радиосу

Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан алынды

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматынан алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз борбору кабарлады.

Айжан Чыныбаева бул кызматка 2020-жылдын 29-октябрында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин буйругу менен дайындалган.

Айжан Чыныбаеванын ордуна Виктория Мозгачева келди. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Виктория Мозгачева буга чейин«Бишкек жылуулук энерго» ишканасынын директору болгон, кесиби инженер-программист.