Марал Радиосу

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы келди

Кыргызстанга 20 миң дозадан турган Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 22-апрелинде аталган вакцинанын 20 миң дозадан турган биринчи партиясы келген болчу.

«Спутник V» вакцинасын эң биринчи хирург Мамбет Мамакеев алган. Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган.