Марал Радиосу

Тулаев: Чек арада каза болгондор үчүн курула турган үйлөр 45 күндө аяктайт

Баткен шаарынын мэриясы бөлүп берген Чет-Булак кварталындагы 2 гектар жерге чек арадагы куралдуу кагылышта каза тапкан 36 адамдын үй-бүлөсү үчүн үй салуу иштери башталды. Төрт бөлмөлүү турак үйдүн ар биринде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, чарбак катары пайдаланууга кошумча 6 сотыхтан жер бөлүнгөн. Шаарчанын аймагына бир катар социалдык объектилер да түшөт.

Урандыга айланган айылдарды баштапкы калыпка келтирүү иштери кандай жүрүп жатканы боюнча кененирээк маалымат алуу максатында Баткен облусунда орун алган окуяда келтирилген чыгымдарды аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча комиссиянын жетекчиси Маруфхан Тулаев менен маектештик.

— Баткендеги кыйраган үйлөрдү, имараттарды кайра куруу иштери башталдыбы? Учурда процесс кандай жүрүп жатат?

— Талкаланган турак үйлөрдү, социалдык обьектилерди калыбына келтирүү иштери башталды. Бүгүнкү күндө ал жерге атайын техникалар алынып келинип, күйүп кеткен же талкаланган үйлөрдүн ордун тазалоо, тегиздөө жана пайдубалын түптөө боюнча даярдыктар көрүлүп жатат. Ал жакка да атайын жумушчу бригадалар келип, иш пландарды түзүп, иштеп жатышат.

— Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 700 миллион сом кандай багытта сарпталат? 

— Ооба, мамлекет тарабынан 700 миллион сом бөлүндү. Анын ичинен 500 миллиону социалдык обьектилердин курулушуна жумшалат. Ал эми калган 200 миллиону турак үйлөрдү куруу, калыбына келтирүү иштерине кетет.

— Окуядан жабыр тарткандарга жардамга келген ишканалар, жарандар көп болууда. Үй куруп берүү демилгесин көтөргөн курулуш компаниялары да жок эмес. Алар менен кандай иш алып барып жатасыздар?

— Туура айтасыз, баары айткандай, жардам берип жаткан бир гана «Ихлас» компаниясы эмес. Колдоо көрсөтүп, жардам колун сунган башка ишканалар, жеке ишкерлер, жөнөкөй жарандар, башка өлкөлөрдүн жарандары жана өкүлдөрү, «Жардам берели дегенбиз, эмне керек?» деген адамдар арбын. Алар менен президенттин атайын өкүлү жолугуп, ким кайсы тармакты, аймакты калыбына келтирери, ишти кантип жүргүзөрү боюнча макулдашуулар болгон. Бул үчүн 2-3 күн мурун атайын иш-мерчем түзүлгөн. Дагы бир-эки күндөн кийин толугу менен ишке киришет.

— Ушул келип жаткан жардамдарды бөлүштүрүү иши кандай жүрүүдө?

— Атайын өкүл ушул жумуштар боюнча координациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Мисалы, мамлекет бир айылдын кыйраган үйлөрүн кайра салуу иштерин толук мойнуна алса, анда ошол айылдын тургундары эмнеге муктаж экенин жеке компанияларга же жардам берүүнү каалаган адамдарга айтып, багыт берип турабыз. Мамлекет кура албай калган объектилерди да жеке ишкерлерге же башкаларга макулдашуу жолу менен өткөзүп жатабыз.

— Курулуш, калыбына келтирүү иштери канча айга созулушу мүмкүн? 

— Президент: «Курулуш иштерин 2 айдын ичинде толук бүтүрүп тапшырабыз», — деп айткан. Ал эми биз кыска мөөнөттө, болушунча ыкчам түрдө иштеп, тезирээк бүтүрүп берели деген ниеттебиз. Болжолдуу 45 күндүн ичинде бүтүрүп беребиз.