Марал Радиосу

Талант Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматына бекиди

ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Талант Султановдун талапкерлигин жактырды. Чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Буга чейин Талант Султанов «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген.