Марал Радиосу

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 10-майда, Орусия тараптын демилгеси менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты. Путин ошондой эле кыргызстандыктарды жаңы Конституциянын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктады.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Владимир Путин Орусия чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясыны каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашат.