Марал Радиосу

Бишкектеги №36 автобустун маршруту өзгөрдү

№36 автобустун маршруту өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Аймактын тургундары менен макулдашылып кабыл алынган чечимге ылайык, автобус эми Ак-Ордо конушу менен Өскөн-Ордо конушунун ортосунда каттайт.

Осмонкул көчөсүндөгү «Шоро» компаниясы автобустун маршруттук линиясынан алынып салынды. Анын ордуна Жибек Жолу проспектинен түз эле Ауэзов көчөсү аркылуу Аламүдүн-1, Учкун, Туңгуч, Өскөн-Ордо конуштарын аралап өтө турган болду.