Марал Радиосу

Жүрөк хирургиясы институтунун жетекчиси кызматтан кетти

Бүгүн, 10-майда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча Улуттук изилдөө институтунун директору Жамал Ашимов кызматтан кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ашимовдун кызматтан кетүүсү беш жылдык мөөнөтүнүң аяктаганына байланыштуу экени айтылды.  Учурда ордуна кадрлар каралып жатат.

Жамал Ашимов бул кызматка 2016-жылдын 29-июнунда дайындалган.