Марал Радиосу

Жалал-Абадда бир нече үйдү тоноого шектелген жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы үйлөрдү тоноп жүргөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын 1986-ж.т. тургунун кармады. 

Маалым болгондой, шаардык милицияга 1993-жылы туулган шаар тургуну Э.Р. 3-май күнү болжол менен кечки 17:00дө өзү турган көп кабаттуу үйдүн подъезд инен 20 миң сомдук «Трикс» велосипеди уурдалганын айтып, арыз жазган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган кылмыш ишинин алкагында жогоруда атаган А.Д. аттуу жаран кармалып, эки айга камакка алынды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. 2020-жылдын апрель айынан бери өзүнүн шериктери менен биргеликте батирлерге уурулукка кирип, мал, телефон, үй тиричилик техникаларын, унаа тетиктерин, кийим-кече, азык-түлүк жана башка ар кандай заттарды тоноп кетип жүрүшкөнү белгилүү болгон. Алар жалпысынан 100 миңден ашуун сомдук ар кандай баалуу нерселерди алып кетишкен. 

Учурда тергөө амалдары уланууда.