Марал Радиосу

COVID-19: 254 адам илдетке чалдыгып, беш адам каза болду

10-майга карата 254 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында — 195, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 25, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 9 адамдан илдет табылды.

Коронавирустан Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2 адам каза тапты.

Ал эми акыркы суткада  Бишкек шаарында – 187, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусу – 4, жалпысынан 257 бейтап илдеттен сакайып чыкты.

Учурда 1683 бейтап стационарларда, 2496 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери пневмонияны эсепке алганда, COVID-19 вирусуна 98 миң 654 адам чалдыгып, анын 91 миң 816сы айыгып чыкса, 1660ы көз жумган.

Exit mobile version