Марал Радиосу

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-май күнү саат 15:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Силкинүү күчү Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.