Марал Радиосу

ИИМ: Баткендеги кыйроолордун чыгымын тактоо кыйын болууда

Ички иштер министрлигинин тергөө топтору кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу калаба учурунда Баткенде кыйраган, өрттөлгөн имараттарды, унааларды, уурдалган тонолгон мүлктөрдү, буюм-тайымдарды тактап бүттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөө, иликтөө топтору кыргыз-тажик тилкесиндеги айылдардагы чыр-чатакта жабыркаган үйлөрдү, имараттарды, мүлктөрдү жана буюм-тайымдарды кароону аяктады, бирок келтирилген чыгымдардын, жабыркаган буюм-тайымдардын так санын жана суммасын тактоодо кыйынчылыктар жаралууда. Аны толук тактоо иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — деди министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков

Учурда чек арага чектеш аймактарда абал туруктуу экенин, атайын органдардын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коопсуздукка тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Ошондой эле чыр-чатак учурунда коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды өз айылдарына, өз үйлөрүнө жөнөтүү иштери да жүрүп жатканы кабарланды.