Марал Радиосу

Коронавирус дагы 321 бейтаптан аныкталып, 6 адам каза болду

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 321 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Былтыр пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 98 миң 400 адамга коронавирус жуккан.

9-майга карата коронавирустан 6 адам каза болду, ал Бишкекте беш, Чүй облусунда бир адам катталды. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 655ге жетти.

Бир сутка ичинде 292 бейтап коронавирустан айыкты. Ошентип жалпы айыккандардын саны 91 миң 559 адамга жетти.