Марал Радиосу

Баткенден эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү

Бүгүн, 9-майда Баткендеги кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу
кагылышуулардан улам коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткенде 9 пунктта жайгашып турган райондун жарандары менен Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, учурда абал турукташканын, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак-жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147
аялдар, 23931 балдар. Ал эми Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 адам эвакуацияланган болчу.