Марал Радиосу

Келечекте радио медиа катары жашап кете алабы?

Бүгүн, 7-май – радио жана байланыш күнү. XX кылымда маалымат каражаттарынын ичинен радио өзгөчө орунду ээлеп келсе, XXI кылымда интернеттин, заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бул каражат өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бараткан сыяктуу. Мындай нукта, радионун келечеги кандай болуп калышы мүмкүн? Бул боюнча медиаэксперттердин оюн тыңдап көрдүк.

1895-жылдын 7-майында Орусия физиктер жана химиктер коомунун жыйынында Александр Попов баяндама жасап, радио байланыш боюнча жар салган. Ошондой эле көптөгөн окумуштуулардын алдында радиону иштетип, сындан өткөргөн. Дал ушул күндөн тарта 7-май радио жана байланыш күнү катары белгиленип келет. Ал эми Кыргызстанга эң биринчи радиоуктуруу 1931-жылы обого чыккан.

Бүгүнкү күндө радио өзүнүн угумдуулугун жоготуп баратканын айткан медиаэксперт Тынчтык Кожобеков өткөн кылымда радио өзүнөн-өзү пайда болуп өнүксө, азыр да өзүнөн-өзү четке сүрүлүп баратканын айтат. Ага карабастан ааламдашкан дүйнөнүн башатында кайра эле радио турарын белгилейт. Ошондой эле ал радионун жашап кетүүсү же өчүп калуусу анда иштеген журналисттерден көз каранды деген пикирин билдирди.

«Радионун жашашы же жашабашы — журналисттерден көз каранды. Журналисттер канчалык чындыкты сүйлөп, адилеттүү болсо, ошончолук радионун угумдуулугу арта берет, радио жашай берет. А эгерде калп сүйлөгөн журналисттер көп болсо, радиого болгон ишеним түгөнөт да, радио өзүн жоготот.

Технологиялык жактан алып караганда, жыштыктар иштей берет. Мисалы, бүгүн биз радиодо сүйлөбөсөк, ал жыштык өлүп калбайт, жашай берет. Бирок аны эртең авиацияда, спутник курулушунда же аларды башкарууда, же болбосо атмосферада колдонсо болот. Мына ушинтип технологиялык жактан жарай берет. Бирок маалымат каражаты катары көрүү кыйын. Радионун өзгөчөлүгүн туюнтуу үчүн бизге Макрони, Попов, Тесла сыяктуу чоң окумуштуулар, инженерлер керек. Ошондо гана радио жашоонун иретине келет», — деди Кожобеков.

Дагы бир медиаэксперт Марат Токоевдин көз карашында радио келечекте да жоголбойт. Себеби, интернеттин таасири астында тескерисинче, анын экинчи жашоосуна шарт түзүлдү. Анткени подкаст программалар чыкканы элдин кызыгуусу кайрадан ойгонуп, радиоугармандар көбөйдү.

«Менимче, радио жоголуп кетпейт. Кайсы бир жылдарды Кыргызстанда интернет өнүгүп кеткенде, радио унутулуп баштаган. Ошол кезде радио ЖМКнын эски бир түрү катары кабыл алына баштаган. Себеби, ал учурда сапаттуу, жакшы радиорепортаж, материал жасаган кадрлар азайып кеткен. 

Бир кезде радио ЖМКнын түрү катары жок болушуна себепкер катары болуп келе жаткан интернет кийинки кезде радиого тескерисинче, экинчи жашоо берди десек болот. Бул жерде подкасттар тууралуу сөз болуп жатат. Подкасттар азыр кадимки радиопрограмма сыяктуу эле, бир гана таркатуу жолу толкундар аркылуу эмес, интернет аркылуу болуп жатат. Азыр болсо өзүбүзгө байкалгандай эле ошол подкасттарга кызыгуу өтө чоңоюп баратат. Себеби, интернет аркылуу каалаган, сага ыңгайлуу болгон убакытта угуп алса болот. Менимче, бул радионун жашап кетишине жана өнүгүп кетишине шарт түзүп, үмүт берип жатат», — деди Токоев.

Учурда радиону эски радиоаппарат аркылуу уккандар кескин азайды. Бул радионун угарманы жана аудиториясы азайды дегенди билдирбейт, тескерисинче көбөйүп баратат. Радио тармагы азыр замандын талабына ылайык санариптешип, өнүгүп, кеңейүүдө. Эгерде мындан кийин да улам жаңыланып, замандын агымы менен жүрсө, бул тармак жоголбойт. Мындай пикирин «Марал» радиосунун башкы редактору Түмөнбай Абдинаби уулу билдирди.

«Радио тармагы азыр дагы да санариптешип, кеңейип жатат. Мисалы, мурда радиоаппарат аркылуу уккан адамдар азыр ошол эле сайт аркылуу, же онлайн, же атайын тиркеме аркылуу угуп калган. Азыр болсо замандын талабына ылайык радио ушинтип өнүгүп келе жатат жана мындан ары улам жаңыланып, замандын агымы менен жүргөн радио болсо, анда ал жашай берет деп ойлойм. 

Ошондой эле социалдык тармактагы катталуучуларды, сайттагы окумандарды биз радионун аудиториясынан сырт адам катары карабашыбыз керек. Себеби, заман өзгөрдү, мурдагыдай эч ким радиону коюп алып ыр укпайт, анткени Ютубдан каалаган убакытта, керек болсо видеоклип менен көрүп, угуп алса болот. «Радио канткенде өзүнүн таасирин сактап калат?» десек, анда маселе контентке келип такалат. Демек, чыгармачылык менен мамиле кылып, жаңы тренддерди карманып, аудиторияны конкреттүү таанып-билип, аларга ылайык келген контентти үзгүлтүксүз чыгарып берип туруу — радионун актуалдуулугун жана таасирин сактап калат», — деди Абдинаби уулу.

Азыркы убакта дүйнө жүзүндө 44 миң радиостанция бар. Ал эми Кыргызстанда 28 радио иш алып барат.

Exit mobile version