Марал Радиосу

Кыргызстанда 40 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада 3900 адам короанвируска каршы эмдөөдөн өттү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө вакцина алгандардын жалпы саны 39 миң 26 адамга жетти.

Анын ичинде Бишкекте 10 миң 378 адам;

Жалал-Абад облусунда — 6 733;

Ош облусунда — 5 323;

Чүй облусунда — 4803;

Ысык-Көлдө — 3499;

Ош шаарында — 3232;

Талас облусунда — 1857;

Баткен облусунда — 1 698;

Нарын облусунда— 1503 адам вакцина алды.