Марал Радиосу

Аксыда көпүрөнүн жээгин суу жууп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5-майдан 6-майга караган түнү Кашка-Суу айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен Айбек айылынын аралап өткөн Падыша-Ата дарыясы ташып, ички чарбалык көпүрөнүн жээгин жууп кеткен.

Суу жээгиндеги мыйзамсыз салынган турак үйдүн короосун каптап, жайкы ашканасынын арткы дубалы урап түшкөн. Айылдын ичиндеги турак үйлөргө коркунуч жаралган эмес.

Учурда каттам айланма жол менен жүргүзүлүүдө.

Жеринде райондук адистер иштеп жатат. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштери суу тартылгандан кийин айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

Учурда көпүрө убактылуу тосулуп, тиешелүү белгилер коюлган.