Марал Радиосу

Баткен: Кампада 333 тонна гуманитардык жардам бар

Бүгүн 7-майга карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жалпы 1474 тонна гуманитардык жардам барды. Анын 1140 тоннасы муктаждарга таратылды.

Учурда облустун кампасында дагы 333 тонна гуманитардык жардам бар.

Гуманитардык жардам көбүнчө азык-түлүк, кийим кече, гигиеналык каражаттар жана акчалай жардам түрүндө көрсөтүлүүдө.

Облус аймагына келген гуманитардык жардамды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча облустук коммисия иштеп жатат.