Марал Радиосу

Кыргызстандан Казакстанга дагы бир авиакаттам ачылат

Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарына Түркстан аркылуу учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, 2021-жылдын 31-майынан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачуу пландалууда.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын «FlyArystan» авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы: 1 саат 15 мин.