Марал Радиосу

Жарандардын даттануусу боюнча 32 салыкчы жазаланды

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери жарандардын кайрылуусу боюнча 32 кызматкерди жоопко тартты.

Быйыл Салык кызматына жарандардан 100 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен 3 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча, 20сы салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү, 77си ар түрдүү маселелер боюнча.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 7 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, 12 арыз тастыкталды, дагы 1 кайрылуу кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 32 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 кызматкер ээлеген ордунан төмөндөтүлдү, 17 кызматкер катуу эскертүү алды, 7 кызматкер сөгүш жана 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.