Марал Радиосу

Жеңиш Молдокматов камакка алынды

Бүгүн, 6-майда «Туран» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов камакка алынды. Бул тууралуу анын тарапташы Эрлан Бекчоро уулу Фейсбук баракчасына жазды.

Эске салсак, Молдакматов бүгүн эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9- октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.