Марал Радиосу

Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 10 миң тонна ун бермей болду

Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна ун берет. Бул тууралуу Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Уали Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өз элинин атынан Кыргызстанга 10 миң тонна ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган.

Президенттин чечимин орундоо милдети Казакстан Өкмөтүнө жүктөлгөнү, алар тапшырманы аткаруу чараларын карап жатканы айтылат билдирүүдө.