Марал Радиосу

Баткенде жаракат алган милиция кызматкери оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кагылыштан жарадар болгон Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкери Адилет Атамалиев учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштери министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков, кызматтын өздүк курамы жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери Баткендеги кандуу калабадан жабыркап, Бишкектеги №4 ооруканага которулган аскер жана милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышты.

Оорукананын жетекчилиги, дарыгерлери чек ара жаңжалында жабыркаган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканын маалымдашты.

Каргашада жарадар болгон Баткен ОИИБнин ЭММКАКтын кызматкери Адилет Атамалиев учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ооруканада оор абалда жаткан милиция кызматкеринин ата-энеси менен анын кесиптештери жолугуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүштү.