Марал Радиосу

Малиде 25 жаштагы эне 9 эм төрөдү

Африканын батыш тарабында жайгашкан Мали өлкөсүнүн тургуну 9 эм төрөдү. Бул тууралуу Малинин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Буга чейин текшерүү учурунда Халима Сиссеге 7 балалуу болору айтылган. 4-майда жасалма жол менен (кесаревасечения) төрөгөн эне 9 баланы жарык дүйнөгө алып келген.

Мекеме маалымдагандай, Халима Сиссе 2 жума Малинин борбору Бамакодогу ооруканада жаткан соң, президенттин буйругу менен марокколук клиникага которулган.

25 жаштагы эненин абалы да, 5 кыз, 4 эркектен турган наристелердин абалы да жакшы экени айтылды.