Биз менен байланышыңыз

Жапаров эң оор экономикалык кырдаалда президент болгонун айтты

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 740 | 0

Президент Садыр Жапаров Констититуция күнүнө карата кайрылуу жасап жатып, азыркыдай экономикалык оор кырдаал, кризистик жагдай өзүнө чейинки бир да президенттин шыбагасына жазылбаганын айтты. Жапаров эңшерилген экономика, түбү түшкөн казына, ал тургай казынаны 20 млрд дефицити менен алганын белгиледи.

«Анысы аз келгенсип, пандемиянын кесепетинен соода-сатык токтоп турат. Мен өткөндү айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин-ким экенин ансыз да билет», — деди президент.

Ал Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки абалына баа берди. Айтымында, элдин салт-санаасы, маданий жана рухий дөөлөттөрү деградацияга кириптер болгон. Коом чаржайыт болуп, экономика алсырап, мамлекеттик башкаруу системасы сенектикке учураган. Өлкө сырткы күчтөргө, таасир этүүчү борборлорго көз каранды болуп калган.

«Былтыр өлкөнүн ички дүң продукциясынын деңгээли дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бул — акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ИДПга карата 3 пайызды түздү. Жыл соңуна карата тышкы карыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, опурталдуу чекке жетти. Энергетика жана тоо кен тармагы жабыркады. Айыл чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай калды», — деди Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM