Марал Радиосу

Кадамжайга — Кутпидин Шакиров, Баткенге — Учкунбек Жоробаев аким болду

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Учкунбек Жоробаев дайындалса, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун ордуна Алмазбек Рахманкулов дайындалды.

Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров да өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулуп, бошогон кызмат орунга Кутпидин Шакиров дайындалды.

Ошондой эле, бүгүн 5-майда биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облусунун активине тааныштырды.

Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматында эмгектенген. Ал эми буга чейин Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап турган Өмүрбек Суваналиев башка кызматка которулду.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эрлан Сапарбаев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматына Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары кызматында иштеп турган Абдирашит Ташбалтаев дайындалды.