Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Конституция жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 850 | 0

Кыргызстанда Конституция жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Тийиштүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кол койду.

Конституциянын жаңы редакциясы 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров Конституция күнүнө карата куттуктоосунда Жаңы Конституция өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылганын айтты.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасоодо.

Жыйынга өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Мындан сырткары мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өкмөт, коомдук ишмерлер катышууда.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Башмыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу «макул» добушун берди, 13,83% шайлоочу «каршы» добушун берген.

Copyright © 2017 Maral FM