Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 341 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Анын кайрылуусунда айтылгандай, 5-майда «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамга кол коюлганы турат.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Жапаровдун айтымында, бул күн ушул тапта да өлкөнүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.

«Эгемендик жылдарда биздин Башмыйзамыбызга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жаңы редакция кабыл алынган. Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеялдарыбыз чагылдырылган. Башмыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем», — деди Жапаров.

Башмыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM