Биз менен байланышыңыз

«Коопсуздук кеңешинин ЖККУ саммитинде үндөбөгөнү туура болгон жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 мая 2021 | 6507 | 2

Коопсуздук кеңешинин катчысынын ЖККУнун саммитинде чек арадагы кагылышуу тууралуу үндөбөгөнү туура эмес иш болду. Бул тууралуу саясат талдоочу Игорь Шестаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Эмне үчүн ЖККУнун отуруму жүрүп жаткан учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы маселени кабыргасынан койгон жок? ЖККУ деген эмне? Эл  аралык аянтча, ал жактагы биздин өкүлдүн милдети — мындай маселелерди көтөрүп чыгуу. ЖККУ десе эле көбү Москваны түшүнөт. ЖККУ — бир гана Москва эмес, бүт катышуучу өлкөлөр. Биз окуянын чордонунда туруп, өз үнүбүздү жеткире алган жокпуз. Эгер ошондо биздин Коопсуздук кеңештин катчысы: «Кыргызстанга кол салуу болуп жатат», — десе, дүйнөлүк ЖМКлар дароо жазып чыкмак. Анткени ЖККУнун саммитине чоң көңүл бөлүнөт», — дейт Шестаков.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 4:00 чамасында тажик аскерлери Кыргызстандын Баткен облусунун жай тургундарына курал менен кол салышкан. Атышуу күнү бою жүрүп, тажик тарап миномет, пулемёт жана автомат колдонгон. Бул учурда Тажикстандын Душанбе шаарында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жыйыны өтүп жаткан. Ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан.

2 пикир

2 пикир

  1. Камчыбек

    05.05.2021 19:14

    Бизде ушундай кесипкөй билимдүү адистер болбогонуна өкүнөсүң ,колунан келбесе башка кадр жокпу бошотуп берсин уялбай былчыйып отурбай

  2. Бакытбек

    06.05.2021 05:08

    Рыскелди Мусаев эмнеге айткан жок?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM