Премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 4-майда кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Эскерте кетсек, Арзыбек Бурканов Жогорку Кеңештин III, VI чакырылышынын депутаты, 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткарып турган.