Марал Радиосу

Өмүрбек Суваналиев кызматынан бошотулду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Азырынча кайсы кызматка которулгандыгы белгисиз.

Өмүрбек Суваналиев ыйгарым укуктуу өкүл катары 2021-жылдын 15-февралынан тарта иштеп келген.