Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тажикстанга күйүүчү май ташылган жок

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 734 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстандын аймагына контрабандалык жол менен ташуу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматка караганда, видео материалдарда көрсөтүлгөн бензин ташуучу унаалар, күйүп кеткен май куюучу жайлардан майларды чыгарып жатышат.

Учурда контрабандалык жүктөрдүн алдын алуу боюнча Лейлек районунда (Исфана шаары, Кайрагач жана Сай аймактары) 3 жерге мобилдик пост орнотулду. Лейлек районунун аймагына кирип жаткан күйүүчү-майлоочу майды Тажикстанга экспорттоонун алдын алуу иштери тийиштүү тартипте көзөмөлдөнөт.

«Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин Мамлекеттик салык кызматынын инспекторунун катышуусунда узатылат. Күйүп кеткен күйүүчү-майлоочу материалдарды май куюучу жайлардан кайтарып алуу иштери инспекторлордун катышуусу менен жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Май куюучу жайлардын тизмеси: 

1.Арка

«Асман Ойл-29» (күйүп кеткен)

2.Жаштык

«БС Петрол» (күйүп кеткен)

3.Арка

«Россия» (күйүп кеткен)

4.Арка

«Ала-Тоо» (күйүп кеткен)

5.Арка

«Асман ойл-22» (күйүп кеткен)

6.Арка

«Асман ойл 42» (күйүп кеткен)

7.Арка

“777” (күйүп кеткен)

8.Арка

«Бостон» (күйүп кеткен)

9.Арка

«Шоро» (күйүп кеткен)

10.Арка

НБК (күйүп кеткен)

11.Арка

«Роснефтьгаз» (күйүп кеткен)

12.Арка

«Бектур» (күйүп кеткен)

13. Арка

«Жаштык» (күйүп кеткен)

14.Арка

«Келечек» (күйүп кеткен)

15.Арка

«Салават» (күйүп кеткен)

16.Арка

«Достук» (күйүп кеткен)

17.Арка

«Бек» (күйүп кеткен)

18.Арка

«Асман Ойл-5» (күйүп кеткен)

19.Арка

«Асман ойл-21» (күйүп кеткен)

20.Арка

«Силквей» (күйүп кеткен)

21.Арка

«Бостон-1» (күйүп кеткен).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM